Тоолордун экосистемасын коргоо жылына карата уюшулган иш-чара
2022-жыл Кыргызстанда «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган. Демилгени президент Садыр Жапаров көтөрүп, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу ɵнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны бир добуштан колдошкон.
Буга байланыштуу өлкөдө тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилип, өлкө аймагында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Андан биздин С.Чокморов айылындагы Сүймөнкул Чокморов орто мектебинин окуучулары артта калбай, дубал газеталарды чыгарып, Кыргызстандын табиятын чагылдырган макеттерди жасашты.
Бул С.Чокморов жалпы билим берүү орто мектебинин 10-классынын окуучулары Токтогулова Сезим, Анварова Айдананын колунан чыккан эмгек. 8-11-класстын окуучулары дагы өз чыгармачылыгы менен макеттерди, дубал газеталарды даярдашкан.
Комментарии