Окуучунун сырткы кѳрүнүшү
Окуучулардын сырткы кѳрүнүшүнѳ негизги талаптар
- Тазалык, тыкандык.
- Баардыгы үчүн кийимдин негизги стандарты: ишкердик стиль.
- Сырткы кѳрүнүш коомдо кабыл алынган ишкердик стилдин нормаларына туура келиши керек жана туура эмес деталдарды камтыбаш керек.
- Кыздардын узун чачтары ѳрүлгѳн, ал эми орто узундуктагы чачтары чач байлагыч менен жыйналган болуу керек.
- Балдар жана ѳспүрүмдѳр убагында чачтарын тегиздетип туруулары керек (классикалык чач тегиздѳѳ).
1-класстан 11-класска чейинки мектептик форманын толук сыпатталышы
Балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн: кара костюм жана классикалык үлгүдѳгү шым, бир тондуу ак кѳйнѳк;
Кыздар үчүн: кара пиджак, тизеден 5 смден ѳйдѳ болбогон классикалык үлгүдѳгү юбка же классикалык стилдеги шым, бир тондуу ак блузка.
Спорттук форма: Бардык окуучулар дене тарбия сабагы үчүн спорттук форманы жана спорттук бут кийимди кийүүлѳрү керек.
Болбойт: дене тарбия сабагына мектептик формада, джинсы жана спорттук эмес бут кийим менен катышууга.
Окуу учурунда тѳмѳнкү кийимдердин жана бут кийимдердин варианттарын кийүүгѳ уруксат эмес:
- Кийимде жана бут кийимде кѳнүл бурдура турган адаттан тышкары бѳлүктѳр, жылтырак жиптер, ошондой эле ѳтѳ ачык ѳңдѳр болбошу керек;
- Ар кандай ѳңдѳгү джинсы;
- Денеге өтө чапталган, фигураны кѳрсѳткѳн юбка, шым жана лосиналар;
- Далыны жана курсакты кѳрсѳткѳн ѳтѳ кыска блузкалар;
- Мини-юбкалар ( тизеден 10см ѳйдѳ узундуктагы).
- Төшү ачык блузкалар;
- Ѳтѳ жука юбка менен блузкалар, ошондой эле жука курактары бар кийимдер;
- Ич кийим жана джинсы стилиндеги кийимдер;
- Ар кандай пуловерлер жана токулган кофталар;
- Спорттук кийим (спорттук костюм жана анын бѳлүктѳрү), спорттук бут кийим;
- Активдүү эс алуу үчүн кийимдер (кыска шым, майка, футболка ж.у.с.)
Тыюу салынат:
- Чачты адаттан тышкары тегиздетүүгө, ачык, табигый эмес ѳңдѳргѳ боёого;
- Кирпиктерди, кѳздѳрдү, эринди боёого жана ачык түстөгү маникюр жасатууга, тырмактарды узун кылып өстүрүүгө;
- Кийимдин бѳлүгү катары оор брошкаларды, чынжырларды, шакек, кулон, сѳйкѳ, шарф, жамынма, палантиндерди колдонууга;
- Пирсинг, ошондой эле коомго туура келбеген формалдуу эмес жаштардын бирикмелеринин символикаларынын аксессуарларын тагынууга.