Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Кулактандыруу!

С.Чокморов атындагы жалпы билим берүүчү мектепте Билим берүү жана илим министрлигинин 2044/1 буйругуна ылайык, 2022-2023-окуу жылына 1-класстын окуучуларын кабыл алуу электрондук автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу ишке ашат. 1-класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкүдөй график менен жүргүзүлөт:

1.11-апрелде саат 9:00дөн тартып,  27-июнь күнү саат 8:59га чейин – юридикалык дареги боюнча;

2.27-июнда саат 9:00дөн тартып, 10-август саат 10:00гө чейин иш жүзүндө жашаган дареги боюнча.

Арыз берип жаткан баланын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) өздүгүн тастыктаган документтерисиз (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү), ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын персоналдык идентификациялык  номерисиз баланы 1-класска каттоого мүмкүн эмес!

2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-эне/мыйзамдуу өкүл буларды камдап коюшу керек:

  • Паспорт;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;
  • Ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номерин. ( Паспортто көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна кайрылуу зарыл).
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Система программалык деңгээлде жарандардын төмөнкү категорияларына артыкчылык берет:

— үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдарына;

— Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдарына (тиешелүү күбөлүгүн көрсөткөндө);

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата бул мектепте бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлеринин балдарына.

2022-жылдын 11-апрелине чейин учурдагы  аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары иштеген жеринен маалымкат (баланы мектепке каттоо учурунда) даярдашы керек.

 Баласы 1-класска кабыл алынганы тууралуу билдирүү алгандан кийин ата-эне/мыйзамдуу өкүл быйылкы жылдын 1-августунан 10-сентябрына чейин мектепке төмөнкү документтерди камдашы зарыл:

— баланын жана ата-энесинин биринин/мыйзамдуу өкүлүнүн өздүгүн тастыктаган   документтердин көчүрмөсүн – баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жана ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн.;

— саламаттыгынын абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасын (бекитилген формада);

— Алынган эмдөөлөр тууралуу медициналык справканын түп нускасын (бекитилген формада);

– Баланын 3×4 см өлчөмүндөгү сүрөтүн.

 

Документтерди 2022-жылдын 1-августунан 10-сентябрына чейин өткөрбөсө,  бала мектепке кабыл алынбайт.

 

“Билимдүүгө дүйнө жарык”

Ийгилик!

                                                                Мектеп администрациясы